Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Кыргызстанда банктардын бири 19 млн сом айыпка жыгылды


Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.
Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банктардын бирине 19 млн 80 миң сом айып пул салды. Мындан тышкары банктын айрым кызмат адамдарына чара көрүлдү.

Улуттук банк айыпка жыгылган банктын атын жана эмне үчүн мындай чара колдонулганын ачыктаган жок.

Улуттук банк - банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Кыргызстанда ушул тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG