Кыргызстанда банктардын бири 19 млн сом айыпка жыгылды

Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банктардын бирине 19 млн 80 миң сом айып пул салды. Мындан тышкары банктын айрым кызмат адамдарына чара көрүлдү.

Улуттук банк айыпка жыгылган банктын атын жана эмне үчүн мындай чара колдонулганын ачыктаган жок.

Улуттук банк - банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Кыргызстанда ушул тапта 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 318 филиалы бар. (BTo)

Дагы караңыз

Жаңы жылдан тарта окуучулардын тамагы үчүн 14 сом бөлүнөт Ташиев: Эми базарларда контейнерлердин ээлери ижараны арзандатышы керекЖалал-Абадда шаар сыртына чыгарылган тергөө абагы ачылдыТашиев Биринчи Май районунун акими кызматтан алынганын айттыБишкек шаардык соту Афтандил Жоробековду абакта калтырдыМамлекеттик спорт мектептерге берилүүчү акча көбөйтүлөт