Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Мамлекеттик спорт мектептерге берилүүчү акча көбөйтүлөт


Ат спорт мектеби. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Ат спорт мектеби. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мамлекеттик спорт мектептерине көңүл бурулбай калганын айтып, ага бөлүнүүчү каржылык көлөмдүн суммасын көтөрүүнү сунуштады. Депутат бул маселени 25-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт жана физкультура департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов 2024-жылдын бюджетинде каражатты көбөйтүү маселеси каралганын депутаттарга маалымдады:

"Мурунку жылдары спорттук мектептерге жылына 50-100 миң сомдон 300 миң сомго чейин берилип келген экен. Биз ошону көбөйтүүгө аракет кылып, бюджеттин өлчөмүн да арттырууну өтүндүк".

Айбек Абдымомуновдун маалыматына караганда, спорт мектептери үчүн 2024-жылга 1 млрд 900 млн сом бөлүү каралган.

Учурда Кыргызстанда 57 мамлекеттик спорттук мектеби бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG