Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жайларга бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Бишкектин Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын №8 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана ушул эле райондун акими кызматтан алынганын билдирди.
Бул тууралуу ал 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты. Ал мындан тышкары 10 милиция кызматкерине, мэриянын жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.
Ушул тапта №8 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Сталбек Токтогазиев, ал эми Мурат Осмонов райондун акими.
25-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган деген шек менен төрт адам кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынганын кабарлаган.
Андан тышкары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, райондук башкармалыктын жана шаардык милициянын 10 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганы белгилүү болгон.
30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар 1-декабрга чейин жабыларын айткан. Бул талап аткарылбаса жергиликтүү бийлик жана ошол аймактагы милициянын башчылары кызматтан алынарын билдирген. (BTo)