Жалал-Абадда шаар сыртына чыгарылган тергөө абагы ачылды

Жаңы тергөө абагы. Жалал-Абад, Сузак. 25-декабрь, 2023-жыл.

Сузак районунун аймагына салынган №53 тергөө абагынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-декабрда Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тергөө абагынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тергөө абагынын имараты мурда Жалал-Абад шаарынын ичинде болгон.

Акылбек Жапаров тергөө абагы жаза аткаруу тармагын реформалоо алкагында шаар сыртына чыгарылганын белгиледи.

"Акыркы 2,5 жылдан бери тармакта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр болуп жатат. Бардык жерлердеги эл жашаган аймакта, шаар ичинде жайгашкан тергөө абактары, түзөтүүчү мекемелер шаар сыртына чыгарылууда. Алардын ордуна турак-жайлар, парктар жана административдик мекемелер курулуп жатат", - деди Жапаров.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, жаңы тергөө абагынын курулушуна 364 млн сом сарпталды, имарат бардык талаптарга жооп берет. Анда азыркы кезде Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинин имаратын жана кайтаруучу департаментинин №5 батальонунун имаратын сүрдүрүү иштери жүрүп жатканы жазылган. Бузулган имараттардын ордуна шаардыктар үчүн гүл бак (сквер) курулат.

Пенитециардык тармактагы реформаларга ылайык, Бишкек шаарындагы №47 колония былтыр башка жакка көчүрүлгөн. Борбор калаанын чок ортосундагы №1 тергөө абагын, Ош шаарынын борборундагы №5 тергөө абагын жана Каракол шаарындагы базарга катар жайгашкан №3 тергөө абактарын шаар сыртына көчүрүүгө атайын жер тилкелери бөлүнгөн. Жаза аткаруу кызматы учурда аларды көчүрүү боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалып жатканын, бул үчүн бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Мамлекеттик спорт мектептерге берилүүчү акча көбөйтүлөтБишкек шаардык соту Афтандил Жоробековду абакта калтырдыАба ырайы: жаан, кар жаайтБишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштурган деген шек менен төрт адам кармалдыЛейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталды