Кыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилди

Жусуп Баласагындын Бишкектеги айкели.

Бул тууралуу чечим 22-декабрда Министрлер кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынганы өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

“Залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды” деп айтылат маалыматта.

Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батыш тарабындагы даңазалуу Баласагын шаарында 1015-16-жылдар аралыгында туулган деп болжолдонот. Ал 54 жашында карахандык орток түрк тилинде “Кутадгу билиг” чыгармасын жараткан. Бул чыгарманы Карахандар мамлекетинин улуу каганы жогору баалап, акынга “улуг хасс хажиб” – “кагандык сарайдын улуу ордо башчысы” кызматын ыйгарган. Жусуп Баласагын 1075-жылы Кашкарда өлгөнү айтылат.

22-декабрда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жалпы 18 маселени карап, өкмөттүн 2024-жылга иш планы бекитилген.

Министрлер кабинети анын ичинде “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты агартуучусу” республикалык сынактарын жыл сайын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин билдирди.

Ошондой эле Министрлер кабинети 2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казуу иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алган.

Дагы караңыз

Баткенде сарыкка байланыштуу үч бала бакча карантинге жабылдыАкылбек Жапаров өкмөттүн “базар киттеринин” бетин ачуу максаты тууралуу билдирдиПрезидент талаш жараткан тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду