Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Баткенде сарыкка байланыштуу үч бала бакча карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунан "Азаттык" радиосуна билдиргендей, балдар арасында сарык оорусунун көбөйгөнүнө байланыштуу үч бала бакча убактылуу карантинге жабылды.

Бул чектөө 2024-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган.

Сарык оорусу боюнча өткөн жылдын 11 айында 390 учур катталган.

2023-жылдын 11 айында 1661 учур катталса, анын 1633 учуру гепатиттин А түрү. Негизинен 2 жаштан 7 жашка чейинки балдар арасында көп.

"Көбөйгөнүнүн биринчи себеби вирустун өзүнүн касиети. Төрт-беш жылда сөзсүз түрдө көтөрүлүп турат. Мисалы, 2016-жылы да 3 миңден ашык учур катталган. 2019-жылы 1600 учур катталган. Алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат. Мектеп, балдар бакчаларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөргө дезинфекциялык каражаттар таратылып жатат", - деп билдиришти райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунан.

Май айында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Кыргызстанда быйыл январь-апрель айларында вирустук гепатит оорусун жугузуп алган 1 364 учур катталганын кабарлаган.

Дарыгерлердин айтымында, гепатиттин С түрүнөн толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы үч же алты айга созулат. Ал үчүн дарылоонун шарттарын бекем сактап, дарыгердин айткандарын так аткаруу керек.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким, өмүр бою дарыланууга туура келет).

Гепатиттин В түрү менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда, анын ден соолугу жакшырат, дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактанууга жардам берет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат. (JsA)

XS
SM
MD
LG