Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Акылбек Жапаров өкмөттүн “базар киттеринин” бетин ачуу максаты тууралуу билдирди


Бишкектеги "Дордой" базары.
Бишкектеги "Дордой" базары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-декабрда өкмөттүн 2023-жылдын жыйынтыгы тууралуу чогулушунда салык жана бажы жыйымдары тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы Салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан. 2019-жылы Бажы кызматы 43,3 млрд сом чогултса, 2023-жылы белгиленген план 107 млрд сомго аткарылып, биринчи жолу 100 млрд сомдон ашуун каражат чогултулган.

Көзөмөл-кассалык аппараттарын, ЭТТНди ишке киргизүү боюнча иштер улантыларын белгилеген Акылбек Жапаров: "Президент базарларга “даярданууга” убакыт берди. Биз карапайым соодагерлерге тийбейбиз, тескерисинче, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Биздин максат – “базар киттеринин” бетин ачуу”, - деди.

Кыргызстанда Көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жана колдонуу маселеси өлкөнүн базарларындагы айрым соодагерлер үчүн актуалдуу жана талаштуу бойдон калууда. Базардын соодагерлери патенттик системаны калтырып берүүнү суранып, бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базар ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.

Кыргызстандагы ири базарлардын ээлери ушул окуялардан кийин өкмөттүн базарлардагы салык саясатын колдой турганын билдирип чыгышкан.

XS
SM
MD
LG