Масадыков ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Таалатбек Масадыков/

Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Масадыков 2024-жылдын 1-январынан тартып уюмдун башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы Масадыковду кабыл алып, аны менен ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелерди талкуулаган.

Масадыков буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп иштеп келген. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койдуКыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны 6 миңге чукулдадыЧехияда 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды “Ак-Тилек” бекетинде тыгында оор жүк ташуучу 470 машина турат