Мырзабек Жыпаркулов Экотех көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов.

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды.

Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 22-декабрда кабарлады.

Буга чейин Жыпаркулов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин жетектеп келген. Ал ноябрдын башында бул кызматты Нурдан Орунтаевге бошотуп берген. (КЕ)

Дагы караңыз

Тиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү боюнча иш козголдуӨКМ колдо жасалган пиротехникаларды колдонбоого чакырдыОпера жана балет театрынын директору үй камагына чыктыСадыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышатИИМ 5 миңден ашуун кылмыш камеранын көмөгү менен ачылганын билдирди