Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:51

Опера жана балет театрынын директору үй камагына чыкты


Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык соту Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаевди 20-декабрда үй камагына чыгарды.

Биринчи Май райондук соту аны 1-декабрда 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, опера жана балет театрында мекеменин карамагындагы мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Алмазбек Истамбаевдин жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору болуп 2022-жылы февралда дайындалган. 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG