Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:11

ИИМ 5 миңден ашуун кылмыш камеранын көмөгү менен ачылганын билдирди


Бишкектин көчөсүндөгү видеокөзөмөл камерасы. Иллюстрацияык сүрөт.
Бишкектин көчөсүндөгү видеокөзөмөл камерасы. Иллюстрацияык сүрөт.

Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков 22-декабрда онлайн кеңешмеде билдиргендей, жалпы өлкөдөгү үч миңден ашуун видеокамеранын жардамы менен 5600 кылмыш иши ачылган.

Министр ошол эле учурда видео көзөмөл ички иштер органдарынын бардык нөөмөт бөлүмдөрүндө жана убактылуу кармоочу жайларда орнотулганын кошумчалады:

"2024-жылы санариптештирүү уланат, видеокамералар бардык ички иштер мекемелерине орнотулат. Мындан тышкары көчөлөрдүн кесилиштерине, район, шаарлардагы эл көп чогулуучу жерлер видеокөзөмөл менен камсыз болот".

Ниязбековдун сөзүнө караганда, ИИМ "Коопсуз шаар" системасынан тышкары жол эрежелерин бузууларды аныктаган отуздан ашуун "Автоураган" аппараттык-программалык комплексин сатып алган. Анын 10у стационардык, 22си мобилдүү. Жыйынтыгында автокырсыктардын саны үч жыл ичинде 38% азайган.

Ички иштер министри коомдук жайларда кылмыштардын саны 26% азайганын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин дарегине коомчулукта сын пикирлер азайбай келет. Зордук-зомбулук менен күрөшүүдөгү милициянын алсыздыгы сындалып, министрдин отставкасын талап кылган бир нече акциялар өткөн. Жакында эле Temirov LIVE Ютуб каналында Улан Ниязбековдун ишмердигиндеги шек жараткан жагдайлар тууралуу видео жарыяланды. Анда министрдин буга чейинки кызматы, мүлкү жана байланыштары баяндалат.

Ички иштер министрлигинин сентябрь айындагы жыйынында соңку алты ай ичинде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилгени кабарланган. Алардын 63ү жетекчилик кызматта иштегендер. Ошол эле учурда “Тартип уставына" өзгөртүү киргизилип жатат. Анда кемчилик кетирген кызматкерлерди ички иштер органдарынан бошотуу менен гана чектелбестен, атайын наамынан ажыратуу дагы каралган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG