Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине быйылкы жылдын армияга күзгү чакыруу өнөктүгүн аскерге милдеттүүлөрдүн бирдиктүү реестри аркылуу жүргүзүү жана аскердик каттоого өзү барбаса деле тургузуу, чакыруу кагаздарынын электрондук түрүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу маалымат Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
Бирдиктүү реестр жана электрондук чакыруу кагаздары боюнча жооптуу деп коргоо министри Сергей Шойгу жана Санарип өнүктүрүү министри Максут Шадаев дайындалышты.
Тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматын алар 15-январга, бирдиктүү реестр боюнча отчетун 1-ноябрга чейин берүүгө милдеттүү.
Быйыл 11-апрелде Мамлекеттик Дума Орусияда аскердик кызматка чакырууну жөнгө салуучу мыйзамга өзгөртүү киргизип, аскердик каттоонун бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынган.
Бирдиктүү электрондук реестрде аскерге чакырылып жаткан адамдын жеке маалыматы, жашаган жери, аскердик-катоо кесиби тууралуу кабар камтылат.
Электрондук чакыруу кагазы жарандын «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы виртуалдык жеке кабинетине жөнөтүлүп турат. Мындай чакыруу жөнөтүлгөндөн тартып ал адам аскер комиссариатына барганга чейин Орусиянын аймагынан чыгууга тыюу салынат.
Жаңы талап аскерге чакырылуучу курактагы орусиялыктар арасында кооптонуу жаратууда.
Чакыруу документи электрондук реестрде пайда болгондон же “Мамлекеттик кызматтар” порталына жөнөтүлгөндөн тартып ал окулдубу, жокпу, расмий түрдө жеткирилди жана тапшырылды деп эсептелет. Аскердик комиссариатка барбай калгандар үчүн административдик жоопкерчилик ошол учурдан тартып карала башталат.
Кыргызстандын жүз миңдеген жараны Орусияда мигрант болуп жүрөт. Мигранттарды Украинадагы согушка жөнөтүүнүн амалын табыш үчүн орус бийлиги түрдүү рейддерди уюштуруп, мыйзамдарын өзгөртүүдө. (RK)
Дагы караңыз
“Кыргыздар” аттуу 40 томдук китептин бет ачары болду Казакстан "Хакер" журналынын мурдагы башкы редакторун Орусияга өткөрүп берүүдөБайсалов олимпиада оюндарында спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын айттыТуу тагдыры чечилди. Элдин реакциясы