Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:26

Байсалов олимпиада оюндарында спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын айтты


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына алдыда боло турган эл аралык спорттук мелдештерде, Олимпиада оюндарында спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын белгилеген.

"Апрелде бизде Азия чемпионаты жана рейтинг турнири өтөт. Албетте, өз жергебизде биздин жаңы туу желбирейт. Бирок Париж олимпиадасы баш болуп, калгандарында да (буюрса, Жоламан баатырыбыздын да ардагына) жаңы желек көтөрүлөт", - деп жазган Байсалов.


Мунун алдында айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан.

Анда спортчу: "Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок", - деп айткан.

Бул тууралуу социалдык тармакка чыккан жаңылыктын алдына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев комментарий калтырды.

Ал "бир дагы спортчу расмий мелдештерге мамлекеттин желеги жок катыша албай" турганын жазды. "Мыйзам кабыл алынды, биз, жарандар ага баш ийүүгө милдеттүүбүз", - деп жазган ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ташиев жазды делген пикирди коркутуу катары кабыл алып, "жаңы желекти көтөрүп чыкпагандар эмне болот?" деп суроо салышууда.

20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алды.

Кыргызстанда эң кызуу талкууланган маселе экенине карабай, сессияда депутат Нуржигит Кадырбековдон башка эч ким сөз сүйлөгөн жок. Эми парламентте кабыл алган документ мамлекет башчыга кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Желекке өзгөртүү киргизүү идеясы президент Садыр Жапаровго таандык экени Элдик курултайда белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG