Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Казакстан "Хакер" журналынын мурдагы башкы редакторун Орусияга өткөрүп берүүдө


Group-IB компаниясынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.
Group-IB компаниясынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан F.A.C.C.T. компаниясынын кызматкери Никита Кислицинди Орусияга экстрадициялоо чечимин кабыл алды. Орусияда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып соттолгон Илья Сачков негиздеген Group-IB компаниясынын ордуна түзүлгөн бул ишкана киберкоопсуздук жаатындагы программалык камсыздоо багытында иш алып барат.

"Коммерсантъ" басылмасы 21-декабрда Орусиянын Башкы прокуратурасына таянып маалымдагандай, Кислицинди мыйзам менен корголуучу маалыматтарды уруксатсыз ачкан жана опузалоого барган деген айыптардын негизинде сот жообуна тартканы жатышат.

Тергөөчүлөр Кислицин өткөн жылдын октябрында башка бир нече адам менен чогуу коммерциялык уюмдардын биринин серверине мыйзамсыз кирип, маалыматтарды көчүрүп алып, кийин аларды жайылтам деп коркутуп, 550 миң рубль талап кылган деп эсептешет.

Кислицин быйыл июнь айында АКШнын өтүнүчү менен Казакстандан кармалган. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Орусиянын бул жаранын 2012-жылы LinkedIn социалдык түйүнүнүн колдонуучуларынын жеке маалыматтарына жана Dropbox, Formspring серверлерине уруксатсыз кирген деп айыптоодо.

Орусиянын соту Кислицин кармалгандан кийин көп өтпөй аны камоо тууралуу сыртынан чечим чыгарган.

Кислицин 2016-жылы Чехияда кармалып, АКШга экстрадиция кылынган орусиялык хакер Евгений Никулиндин ишинде да айыпталуучулардын бири болгон. Америка соту Никулинди киберкылмыштарга айыптап, жети жылга эркинен ажыраткан, Кислициндин иши сотко жеткен эмес. Ал ФБР менен кызматташууга барып, башка орусиялык хакерлер тууралуу маалымат берген. Америкалык тергөөчүлөрдүн пикиринде, алар орусиялык чалгынчылар менен кызматтташып турушкан.

Кислицин 2006–2012-жылдары маалыматтык коопсуздук тууралуу "Хакер" журналын жетектеген. 2013-жылдын январында ал Илья Сачков негиздеген киберкоопсуздук боюнча Group-IB компаниясына орношкон.

Быйыл июль айында 2021-жылы кармалган Сачков мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган, өзү коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG