Мектеп окуучулары январда 14 күнгө кышкы эс алууга тарайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектептердеги кышкы каникул 1-январдан башталып, 14-январда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 21-декабрда маалымат таратты. Билдирүүгө караганда, мектептерде үчүнчү чейрек 15-январда башталат.

Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин болгон.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңге жакын.

Дагы караңыз

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге ККМ чек чогултуу тапшырмасы берилгенин ырастадыАба ырайы: Күн ачык болотКыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-2" бекети жаңыландыКызамыкка каршы 750 миң доза вакцина келген