Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина келген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алып келингенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-декабрда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Ал вакцина өлкө аймагындагы 1 750 медициналык мекемеге таратып берилип, учурда 2 миң дарыгер эмдөө иштерин жүргүзүүдө.

Министрдин маалыматында, 16 миң баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан. Алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүгүнөн улам келишкенин айтты.

“Кызамык жугузуп алгандардын 98% эмделбегендер. Мындан улам Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши менен биргеликте иш алып барып, алар кызамыкка каршы эмделүү шариятка каршы келбей турганы боюнча фатва даярдашты”, - деди министр.

Бейшеналиев кызамык оорусунан Кыргызстанда алты бала чарчап калганын кошумчалады.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы былтыркыга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өскөн.

2023-жылдын январынан декабрына чейин эки чөлкөмдө кызамык тастыкталган 30 миңден ашуун бейтап катталган.

Оорунун тарашы боюнча Казакстан биринчи орунда турат. Декабрдын башында коңшу өлкөдө 13 миңден ашуун адамга кызамык жукканы аныкталган. Бул ар жүз миң адамдын 69у оорууга чалдыккан дегенди билдирет. Кыргызстан экинчи орунда. Өлкөдө буга чейин ооругандардын 85% эмделбегендер экени белгиленген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөлөрдү кызамыкка каршы чараларды күчөтүүгө чакырып келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткени расмий кабарланган. Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл. Бүгүнкү күндө көрсөткүч 77% түзүүдө. (KO/TAb)

XS
SM
MD
LG