Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:19

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-2" бекети жаңыланды


"Торугарт" өткөрмө бекети.
"Торугарт" өткөрмө бекети.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү бекети жаңыланды. 21-декабрда анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңыланган бекетте алты кыймыл тилкеси бар, жабык ангарлар орнотулган. Бул жайда бир учурда алты автоунааны бажы көзөмөлүнөн өткөрүүгө болот.

Учурда ал аймактагы эски имараттардын ордуна кошумча автоунаа токтотуучу жайларды ачып, өткөрүү бекетинин аймагында каттам үчүн шарт түзүлүп жатканы айтылат.

Мындан тышкары “Торугарттагы” чек арачылардын жатаканасы да жаңыланган.

Маалыматка караганда, “Торугарт-2” өткөрмө бекети 2010-2018-жылдары Кытайдын колдоосу менен курулган.

“Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. "Торугарт 2" комплекси реконструкциялоого муктаж. Көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган техникалык жабдуу азыркы түзүлгөн кырдаалга туура келбей турганы, анткени иштеп жаткан текшерүү комплексинин кубаттуулугу саатына 20-25 автоунааны өткөрө алат, бирок "Торугарт" шартында саатына 15тен ашык унааны текшерүү мүмкүн эмес экени белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

“Торугарт” бекети суткасына 150 машине өткөрүүгө ыңгайлашса, учурда бул жерден 300дөн ашуун автоунаа өтөт.

Президент Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштады.

Кечээ, 20-декабрда Ош шаарында Кытайга жүк ташып иштеген жүздөй айдоочу кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө пунктунда тыгын болуп жатканын айтып чыккан. Алар чек арада 300дөй жүк ташуучу автоунаа Кытайга кире албай турганын белгилешкен.

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча 1996-1999-жылы негизги жана кошумча келишимдерге ошол кездеги президент Аскар Акаев жана Кытайдын лидери Цзянь Цземин кол коюшкан. Ал келишимдеги Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши кыргыз коомчулугунда сынга кабылган.

Кыргыз-кытай чек арасында "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери бар.

XS
SM
MD
LG