БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк "орус аскерлеринин Украинадагы аракеттеринде согуш кылмыштарынын белгилери бар" деп, Орусияны Украинанын жайкын калкын коргой албагандыгы үчүн айыптады.
Рейтер агенттиги жазганына караганда, шейшембиде Женевада адам укуктары боюнча кеңеште сүйлөгөн комиссар «биринчи кезекте Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрү тарабынан адам укуктары, эл аралык гуманитардык укук олуттуу бузулганы байкалганын» билдирди.
Түрк былтыр февралда Орусия кошуна өлкөгө басып киргенден бери карапайым кишилерди сотсуз өлтүрүүнүн 142 учуру катталганын айтты. Ошондой эле дайынсыз жоголгондорду, кыйноолорду, кармалгандарга ыдык көргөзүүнү, анын ичинде жыныстык зомбулукту атады.
Орусия өз аскерлери ырайымсыз аракеттерге барбаганын, Украинанын карапайым элине зомбулук көргөзбөгөнүн айтып келет.
Бириккен Улуттар Уюму 21-ноябрда согуш тутангандан бери Украинада 10 миңден ашуун жайкын тургун курман болгонун билдирип, чыныгы көрсөткүч мындан көп болушу мүмкүн экенин, себеби кармаштар жүрүп жаткан аймактарда эсеп жүргүзүүгө шарт жоктугун белгиледи.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Орусия кол салгандан бери 1400 медициналык мекеме же саламаттыкты сактоонун башка инфраструктурасына чабуул катталган.
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: Азимбек Бекназаров сот залынан чыгарылдыАлкоголдук ичимдиктерге “Манас” деген ат коюуга тыюу салуу сунушталды"Мен жаш кыргыз, ичкеним кымыз". Орусияда рэпер кармалды