20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровдун Элдик курултайда айткан сөздөрү боюнча шектүүлөргө жаңы айып тагылышы керек экенин билдирди.
Ал мыйзам боюнча жаңы ачылган жагдай катары прокурорлор ишти кайра тергеши керектигин, анын негизинде “чыккынчылык жана тыңчылык” боюнча кине коюлушу керек экенин айтты.
“Президент дүйнө жүзүнө “булар элчиден акча алган” деп жарыялады. Менин урук-тууганым, балдарым мени элчиден акча алган деп ойлоп калбайбы. Бул жерде президент муну оюнан чыгарып айтты же соттор бизге аны тааныштырган эмес. Болбосо биз акча алган эмеспиз. Тактап алышыбыз керек да. Бирок мага мындай айып угузулган эмес”, - деди ал.
Башка шектүүлөр да ушундай эле талапты коюп жатышат. Ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Азимбек Бекназаровду сот залынан чыгарып, отурумду саясатчынын катышуусуз улантуу чечимин чыгарды.
16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берген.
“Муну уюштурган башчысы бар. Ал кайсы мамлекеттин элчисинен акча алганы бар экен. Биз аны ачык чыгарганда, ал мамлекетти баарыңар жек көрөсүңөр. Анан ортобузда пикир келишпестик, жек көрүү болуп мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн экен. Ошон үчүн жабык өткөрүп атабыз деп айтышты”, - деген Садыр Жапаров сөз ким жана кайсы өлкөнүн элчиси жөнүндө болуп жатканын тактаган эмес.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)