Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар президенттин билдирүүсүнө каршы

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбек үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар жана алардын жактоочулары бүгүн, 20-декабрда Биринчи май райондук сотунда президент Садыр Жапаровдун курултайда өздөрү тууралуу айткан сөзү боюнча билдирүү жасашты. Алар өздөрүн айыптаган 60 томдук кылмыш ишинде президент айткан чет өлкөлүк элчиликтен акча алды деген маалымат жок экенин айтышты. Адвокат Кантемир Турдалиев президентке туура эмес маалымат жеткирилген деп эсептейт. Асия Сасыкбаева Кемпир-Абад ишинде эч кандай башчы болбогонун жана кылмыш ишинде эч кандай элчилик, акча жөнүндө сөз болбогонун билдирди. Ал баары айкын болушу үчүн, сот ачык өтүшү керек деп эсептейт.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар президенттен “кемпирабадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылган кайрылууну 19-декабрда жарыялашкан.

16-декабрда экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишин уюштурган башчысы бар экенин, ал чет өлкөнүн элчисинен акча алганы аныкталганын билдирген жана ушундан улам сот жабык өтүп жатканын айткан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров ага чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.(TSh/ZKo)

Дагы караңыз

Парламент тууну өзгөртүүнү колдодуБишкек өткөрүп берген активист Алена Крылова Москвада абакка кесилдиЖМК: Decathlon Орусияга жашыруун товар экспорттоп турганАлкоголдук ичимдиктерге “Манас” деген ат коюуга тыюу салуу сунушталдыАКШда сот Дональд Трамптын атын шайлоо кагазына киргизүүгө тыюу салды