Кытайдагы жер титирөө: Жапаров Си Цзинпинге көңүл айтты

Кытайдагы жер титирөөдөн кийинки көрүнүш. 19-декабрь, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөдөгү курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты.

"Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп жазылган анын көңүл айтуу катында.

19-декабрга караган түндө Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титиреп, 130га чукул адам набыт болгон. 220дан ашууну жаракат алганы кабарланган.

АКШнын Геология кызматынын маалыматына ылайык, силкинүүнүн күчү 5,9 баллды түзүп, очогунун тереңдиги 10 чакырымга кеткен.

Кытай өкмөтү жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам фондуна 200 млн юань (28 млн доллар) бөлдү.

Былтыр сентябрда Сычуан провинциясында болгон 6,6 балддык жер титирөөдөн 60тан ашуун адам каза тапкан.(ZKo)

Дагы караңыз

Психиатриялык ооруканада зомбулук көрдү деген кыздын окуясы иликтенүүдө“M-Vector”: “Азаттык” интернетте эң көп окулган жана көрүлгөн медиаБишкектеги өрт: Май алмаштырган жайдын жанындагы үй да күйүп жатат"Үчтөгү кызы менен келин кармалды". Түркияда кыргыз жарандарын кыйнаган рейд Кыргызстанга Кытайдан быйыл 50-55 миңдей машине ташылды