Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Кыргызстанга Кытайдан быйыл 50-55 миңдей машине ташылды


Бишкектеги автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 142 миң автоунаа ташылып келди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов 19-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, мунун 50-55 миңи Кытайдан кирген машиналар. Арасында электромобилдер да бар.

Кыргызстанга электромобил импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт өлкөдө - Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет. Орусиялыктарда же орус жарандыгы бар чет элдиктерде мындай мүмкүнчүлүк жок.

Кыргызстанга 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат бар.

Соңку жылдары электромобилдер көбөйө баштады. Бишкектин архитектура мекемеси шаарда электромобилдерге ыңгайлашкан атайын 63 бекеттин схемасы түзүлүп жатканын маалымдаган.

Чет өлкөдөн ташылып келген автоунаалардын ичинен сыртка реэкспорт болгондору да көп. (BTo)

XS
SM
MD
LG