Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Психиатриялык ооруканада зомбулук көрдү деген кыздын окуясы иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыйкатчы институту Республикалык психиатрия жана наркология борборунун кызматкерлеринин ишине баа берүүнү өтүнүп, прокуратурага кайрылды. Буга аталган ооруканада 16 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматтар негиз берген. Бул тууралуу Омбудсмендин психиатриялык мекемелердеги бейтаптардын укуктарын коргоо кызматынын башчысы Улан Жолдошбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Республикалык психиатрия жана наркология борборунда аутизмден жабыркаган кыздын кыйноого кабылганын маалымат каражаттарынан окуп, ишти өз алдыбызча иликтедик. Кыздын апасы менен да, оорукананын жетекчилиги жана кыз кыйноого кабылды деп айтылып жаткан 2-бөлүмдүн башчысы менен да сүйлөшүп, бөлүм башчыдан түшүнүк кат алдык. Жыйынтыгында бейтапкананын кызматкерлеринин ишине баа берүүсүн сурап, прокуратурага кайрылдык. Азырынча жооп ала элекпиз".

Жолдошбеков аталган бейтапкананын ушул эле бөлүмүндө августта дагы бир өспүрүм кыз 2-кабаттан кулап кеткени аныкталганын кошумчалады.

Аталган медициналык мекеменин кызматкерлерине каршы Башкы прокуратурага Кыйноолорго каршы улуттук борбор да кайрылган.

Ага чейн борборго кыздын апасы арызданып, психиатриялык ооруканага аны 4-декабрда жаткырып кеткенин, эки күндөн кийин барса бейтапкананын коридорунда, шейшепсиз клеенка төшөлгөн керебетте жатканын айткан. Кызынын денесинде көгала тактарын байкаганын, аны үйүнө чыгарып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Азырынча Башкы прокуратура жооп бере элек.

Саламаттык сактоо министрлиги бейтапкананын 2-бөлүмүнүн башчысы Элмира Бердибаева кызматтан алынганын маалымдаган.

6-декабрда социалдык тармактарда Кадамжайдагы социалдык стационардык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды мекеменин кызматкери сабап жаткан тасма тарагандан кийин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мындай зомбулуктардын алдын алуу үчүн бардык стационардык мекемелерге видеокөзөмөл орнотуларын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден көп. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап- баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.

Кыргызстандагы 17 социалдык стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG