Жыл башынан бери 464 жаранга "кайрылман" макамы берилди

Мургабдагы этностук кыргыздар. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 11 айда 464 этностук кыргыз "кайрылман" макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова 18-декабрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, "кайрылман" макамын алгандардын көбү Тажикстандан көчүп келгендер. Мындан сырткары Өзбекстан, Орусия, Түркмөнстан, Кытай жана Ооганстандан келип, арыз менен кайрылгандар бар.

Алардын көбү мектептерде окушат. 28 киши иш менен камсыз болгон.

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этностук кыргыз "кайрылман" макамын алган. 4549 киши бул макамдын негизинде Кыргызстандын паспортуна ээ болгон.

Буга чейин башка өлкөлөрдөн көчүп келген кыргыздардын 10 миңдейи документи жок жүргөнүн депутат Жанарбек Акаев айтып чыккан. (КЕ)

Дагы караңыз

"Мекен-карт" макамы 38 кишиге берилди Активист Адилет Балтабайдын ата-энеси бийликке кайрылдыКыргызстандын гимни кабыл алынганына 31 жыл болдуБишкекте Чүй көчөсүнөн бир нече маршруттук каттам алынды