Кыргызстандын мамлекеттик гимни кабыл алынганына 31 жыл болду. Өлкөнүн ураан ыры 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеште бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү менен куттуктады.
“Түндүгүнөн күн нуру чайыган кызыл туубуз, мамлекетибизге тиешелүү өзгөчөлүктөрү түшүрүлгөн гербибиз менен бирге кыргыз элинин басып өткөн жолундагы эрдиги, элдеринин достугу, ынтымагы, келечекке болгон ой-тилеги чагылдырылган гимнибиз өмүр сүрүп, өзүнүн вазыйпасын так аткарып келе жатат”, - деп айтылат куттуктоодо.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон.
Гимн – мамлекеттик символдордун бири. Ушул тапта Садыр Жапаровдун демилгеси менен туунун элементтерин өзгөртүү аракети жүрүп жатат.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Садыр Жапаров курултайда мыйзам долбоорун жазуу сунушун Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айткан.
Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.
Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.
Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалган, сот аны эки айга камакка алды. (BTo)