Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

"Мекен-карт" макамы 38 кишиге берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул убакка чейин 38 киши "Мекен-карт" макамын алганын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова 18-декабрдагы брифингде билдирди. Алар Орусия, Германия, Корея, Бельгия, Түркия, Австрия, Түркмөнстан жана Катардын жарандары.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу быйыл мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

Буга чейин, июнь айында Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG