18-декабрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө чыккан өрттөн 60 бейтап, төрт медицина кызматкери эвакуация болду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Мекемемин маалыматына ылайык, тилсиз жоодон оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен. Эч ким жабыркаган жок. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат жетиге жакын Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 7:40та толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. (BTo)
Дагы караңыз
Орунтаев: Үй курууга уруксат кагаз берүү тартиби өзгөрөтТашиев Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын ишарат кылдыАманбаев АКШ кыргыз жарандарына берилген визаны 10 жылга узартарын айттыОрунтаев: Ар бир мыйзамсыз курулуш боюнча териштирүү жүрөтТууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилдиБишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияландыПутин: Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушуу кызыкчылыгы жок