Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Анын бөгөт чарасы 16-декабрда каралганын "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Эми Абдылдаев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.
Анын алдында Бишкекте Арстанбек Абдылдаев 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыяланганын 14-декабрда “Азаттыкка” билдирген.
Социалдык тармактарда Абдылдаевдин кармалышын сынга алып, муну сөз эркиндигин чектөө катары баалагандар болууда.
Дагы караңыз Арстан Алайдын камактан табылышы, кастык беренесинин күчүАбдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.
Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.
Дагы караңыз
Украин аскерлери бир түндө 30 дронду атып түшүрдү FT: Орусиянын камакка алынган активдерин конфискациялоо талкуудаЭкинчи Элдик курултайдын иши жыйынтыкталдыАлматыда кар күрткүдө калгандарга жардам берүү үчүн барган куткаруучулар өлкөгө кайтышты