Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Украин аскерлери бир түндө 30 дронду атып түшүрдү


"Шахед" учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн учур.
"Шахед" учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн учур.

16-декабрга караган түнү Украинанын аймагына "Шахед" үлгүсүндөгү 31 орусиялык учкучсуз учак чабуул койду. Анын 30у атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрү билдирди.

Дрондор Днепропетровск, Киев, Винницы, Чернигов, Сумы, Полтава, Черкасск, Херсон, Запорожье, Николаев жана Хмельницкий облустарынын аймактарында атып түшүрүлдү.

Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко дрон сыныгынан жабыркагандар жок экенин билдирди.

Ал орусиялык аскерлер "2023-жылдын май айындагы тактикасына өткөнүн" белгиледи. Анда алар аскер аба күчтөрүнүн ар кандай түрүн колдонушкан.

Херсон облустук аскердик аймактын башчысы Александр Прокудиндин маалыматында орусиялык күчтөр аткылаганда 55 жаштагы шаар тургуну бутунан, Херсондун башка жашоочусу башынан жараат алган.

Степановка конушунда дрондун сыныгы медициналык мекемеге түшүп, дарыгер жараат алган. Учкучсуз учактын чабуулу Дарьевка аймагында да байкалган, жабыр тарткандар жок.

XS
SM
MD
LG