“Умтулуу-2023” медиа сыйлыгы тапшырылды

“Умтулуу” медиа сыйлыгы.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2023” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 15-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Быйыл сынакка жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

“Эл жана анын бийлиги”, “Тынчтык жана ынтымак”, “Балалыкты коргоо”, “Айлана-чөйрөнү коргоо”, “Маданият жана агартуу”, “Аракетчил инсан” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Умтулуу” медиасынагын 2018-жылдан бери өткөрүп келе жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте cуу ташкынынан кийин “Бишкексуучарбанын” жетекчиси кызматтан алындыЙемендик хуситтер Кызыл деңизде эки кемени аткылаштыХанзаада Гарри телефондорду тыңшоо иши боюнча сотто утту Милиция активист Адилет Балтабайды камакка алганы айтылуудаКазакстанда журналист Мухаммедкаримдин камактагы мөөнөтү узартылды