Казакстанда журналист Мухаммедкаримдин камактагы мөөнөтү узартылды

Журналист Думан Мухаммедкарим. 15-апрель, 2023-жыл.

Алматы облусунун Конаев шаарындагы сот журналист Думан Мухаммедкаримдин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга, 22-январга чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

“Тергөөчү жетишпей жаткандыктан камактагы мөөнөтү узартылды”,-деди адвокат.

Ал соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын кошумчалады.

ND ютуб-каналынын автору, журналист Мухаммедкарим июнь айынан бери “экстремизмди каржылаган” жана тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө “катышкан” деген айыптар менен камакта. Буга анын бозгунда жүргөн мурдагы банкир, оппозциячыл активист Мухтар Аблязовдон маек алышы түрткү болгон.

Мухаммедкаримди Казакстандагы укук коргоочу уюмдар “саясий туткундардын” тизмесине киргизишкен.

Дагы караңыз

Украинадагы айылдык кеңештин жыйынында депутат граната жардырдыОрусияда аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды УКМК “Ала-Арча” соода борборунун 2 миң чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирди