Венгрия Евробиримдиктин саммитинде Украинага 50 миллиард евро көлөмүндөгү экономикалык жардам берүүгө вето койду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан 15-декабрда билдирди.
“Түнкү нөөмөттүн жыйынтыгы: Украинага кошумча акча бөлүүгө вето. Биз бул маселеге кийинки жылы Европа кеңешинде кайтабыз. Ага жакшылап даярдык көрөбүз”,-деп жазды өкмөт башчы.
Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель шаркетке мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинага кошумча каражат табуу маселесинде орток пикир таба алышпаганын ырастады. Бирок ал кайсы өлкө каршы чыкканын тактаган жок.
Шаркетке мүчө айрым мамлекттердин лидерлери Украинага жардам январь айындагы жыйында бекитилиши мүмкүн деген оптимисттик ойлору менен бөлүштү.
Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рютте убакыт бар экенин, Украина жакынкы жумаларда акчасыз калбастыгын айтты.
Андан бир нече саат мурда Евробиримдик Украинаны шаркетке кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Орбан ага дагы вето коюуга ниеттенип жаткан. Кийин добуш берүү маалында ал залдан чыгып кеткени маалым болду.
Евробиримдик төрт жылдын ичинде Украинага 50 миллиард евро экономикалык жардам бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Андан тышкары бюжетке Киевге аскердик жардамга бөлүнө турган 24 миллиард еврону да киргизүү пландалууда.
Дагы караңыз
Элдик курултайда делегат бийликте кадр туруксуздугу болуп жатканын көтөрдүЕБ Украинанын шаркетке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайтАдилет Балтабай милиция кызматкерлери кармап кеткенин билдирди