Евробиримдик Украинанын жана Молдованын шаркетке кошуулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мындай чечим Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин 14-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынганын Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жарыялады.
The European Council has decided to open accession negotiations with Ukraine & Moldova. #EUCO granted candidate status to Georgia. And the EU will open negotiations with Bosnia and Herzegovina once the necessary degree of compliance with the membership criteria is reached and…
— Charles Michel (@CharlesMichel) December 14, 2023
Эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө ошондой эле Грузияга шаркетке кирүүгө талапкер мамлекет макамы берилди. Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын чечимин “дем-күч берген Украинанын жана бүтүндөй Евробиримдиктин жеңиши” деп атады.
Шаркетке мүчө мамлекеттердин арасынан Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого бир гана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан каршы чыкты. Маалыматка караганда, ага добуш берүү жүрүп жатканда сыртка чыгып турган.
Киев шаркетке кошулуу тууралуу арызын 2022-жылдын 28-февралында берген. Украинанын Евробиримдикке кошулуу жараяны узак жылдарга созулушу мүмкүн.
Дагы караңыз
Байсалов RFI радиосуна Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды комментарийледиКыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттүСадыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2024-жылы башталарын билдирди