Президент I Элдик курултайда айтылган маселелердин 358и чечилгенин айтты

Былтыркы курултай эки күнгө созулган. 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы биринчи Элдик курултайдын резолюциясы менен 3 182 бөлүмдөн турган иш-чаралар планы түзүлгөнүн, анын ичинен 68и сот, укук коргоо органдарына, 1 548и социалдык-экономикалык, 313ү жер жана 1253ү чарбалык маселерге байланыштуу болгонун айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

“Бул 3 182 иштин 358и аткарылды. 2200ү аткарылып жатат. 523ү өз убагында аткарылган эмес. Аткарууда турган иштер толугу менен ишке ашырылат. Бир катар маселелерди чечүүгө убакыт талап кылынууда”, - деди Садыр Жапаров.

Былтыр президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде Бишкекте 25-26-ноябрь күндөрү Элдик курултай өткөн. Анда көбүнчө социалдык маселелер, мектеп, бала бакча салуу жана жол куруу өңдүү көйгөйлөр айтылган.

Биринчи Элдик курултайдын айрым делегаттары кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө, миграция, кен тармагына байланыштуу маселелер дагы деле толук чечиле электигин айтышкан.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышып жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Экс-депутат Абдылдаев Элдик курултайдын төрагасы болуп шайландыКыргызстан Казакстанда жолдо калган жүргүнчүлөргө куткаруучуларды жөнөттүБизнес-ассоциациялар Соода палатасына башкаларды мажбурлап киргизүү аракетин айыпташтыБишкекте экинчи Элдик курултай башталдыЕвропада ХАМАСтын жардамчылары кармалды