Түрк депутаты парламентте сүйлөп жатып каза болду

12-декабрда Түркиянын парламентинде жалпы жыйында сүйлөп жатып жыгылган депутат Хасан Битмез бейшембиде ооруканада каза болгону кабарланды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Х баракчасына жазды.

"Саадет" партиясынан шайланган 54 жаштагы депутат Битмез шейшембиде парламенттин трибунасында сөзүн сүйлөп бүтөр замат сулк жыгылган. Депутаттын башы мармар тепкичке тийген. Битмезге алгачкы медициналык жардамды парламенттеги дарыгер депутаттар көрсөткөн. Кийин "Тез жардам" менен ооруканага жеткирген.

Түрк депутат акыркы сөзүндө Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин катуу сынга алган. Ал Иерусалим менен кызматташууну улантып жаткан түрк бийлигине нааразылыгын билдирген. Битмез Анкаранын Тель-Авив менен соодасын токтотуусу керектигине көңүл бурган. Бул сөзүн айтып, ыраазычылык айткан соң депутат эстен танып кулаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 26-октябрда ХАМАС радикал тобун "террордук" деп атаган өлкөлөрдү сынга алган. Ал бул топту "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан можахеддердин боштондук тобу" катары сыпаттаган.

Дагы караңыз

Кыргызстан кызамык жайылган өлкөлөрдүн катарына кирди Экс-депутат Абдылдаев Элдик курултайдын төрагасы болуп шайландыКыргызстан Казакстанда жолдо калган жүргүнчүлөргө куткаруучуларды жөнөттү