Кар көчкүдөн улам Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылды. Бул тууралуу 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кабарлады.

Автожолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат. Жабыркагандар жок.

Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болорун эскерткен. (BTo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров министрликтердин саны дагы деле көп экенин айттыКонгресстин Өкүлдөр палатасы Байденге импичмент жарыялоо үчүн иликтөө баштадыБыйыл чет өлкөлөрдөн 530 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келдиМосква соту Кыргызстандан уурдалган активистке айып пул салып, бошоттуАкылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар экенин айттыCOP28: 200дөн ашуун өлкө мунай колдонууну азайтууну макулдашты