Жаңы жылдан тартып Бишкек-Бээжин аба каттамы ачылат

"Манас" аэропорту. Архив.

Келерки жылы 24-январдан тарта Бээжин – Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги 13-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат.

Буга чейин “Манас” аэропорту 12-декабрдан тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттам ачылганын билдирген.

Учурда Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты аткарылат. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан иштей баштаган.

Мындан сырткары Бишкектен Шанхайга жана Гонконгго жүк ташуучу авиакаттамдар бар. Калган багыттарга жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдар башка өлкөлөр аркылуу аткарылат.

Дагы караңыз

Байден Украинаны колдоо улана турганын убада кылды Бишкекте ооруканага бомба коюлганы тууралуу кабар такталган жокУКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары кызматка алынып жатканын төгүндөдүАКШ президенти Байден Нетаньяхуну сынга алды