Өзбекстан: Салим Абдувалиев 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн

Салим Абдувалиев.

"Салимбай байбача " же Салимбай деген каймана аттары менен таанымал Салим Абдувалиев тергөө аяктагыча камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Дониёр Ташхожаев 13-декабрдагы маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле Абдувалиевге тагылган айып өзгөртүлгөнүн билдирди. Ишкер буга чейин курал-жабдык жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн деп айыпталса, азыр мунун баарын "кооптуу рецивидист катары ишке ашырган" деген кине тагылууда. Эгер анын күнөөсү далилденсе, беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Эмнеге биз айлап-жылдап иштедик? Биз бул кармоолорду ар бир шектүүгө бардык керектүү жана жетиштүү далилдерди топтогондон кийин ишке ашырдык. Анткени алар жабыркагандарды коркутуу же башка чараларды көрүү менен эркиндикте калып калышын каалаган жокпуз. Уюшкан кылмыштуулук көйгөйүн бир-эки күндө же айда чечүү мүмкүн эмес. Ал үчүн айлар жана жылдар керек", - деди Ташхожаев.

73 жаштагы Салим Абдувалиевдин кармалганы декабрдын башында маалым болгон.

Салим Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган.

2-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Анын алкагында "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен белгилүү Бахтияр Кудратуллаев, “Сайидазиз медгородок” деген каймана ысым менен Саидазиз Сайдалиев сыяктуу кримтөбөлдөр кармалган.

Дагы караңыз

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында автоунаа күйүп кеттиКадамжайдын акими президенттен сын уккан соң кызматтан кеткени белгилүү болдуАКШ президенти Байден Нетаньяхуну сынга алды