13-декабрда таңга жуук Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыгып, 60 киши эвакуация болду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматында, өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө үч өрт өчүрүүчү топ тартылган.
Өрттөн жабыркагандар жок. Ушул тапта кырсыктын келип чыгуу себеби жана чыгымы такталууда.
7-декабрда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрткө байланыштуу анын жанындагы жатаканада жашаган чет элдик 40 студент эвакуацияланган. (BTo)
Дагы караңыз
Сууктан улам Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыктыДүйнөлүк банк экологиялык долбоор үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар беретМамкурулуш мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмесин жарыялап, алардан батир албоого чакырдыДепутат онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин сынга алдыАКШ элчиси Жогорку Кеңештин комитет башчысы менен виза маселесин сүйлөштү