Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Депутат онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин сынга алды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда мектеп окуучулары аралыктан окуй турганы боюнча алдын-ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 13-декабрдагы жыйынында айтты.

“Бишкек шаарында 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен мектепке барышса онлайн окуу деп кайра үйүнө жиберип атышат. Эшикте болсо кандай суук болуп атат көрүп жатасыңар. Онлайн окуу болорун 1-2 күн мурун айтып, министрдин буйругу жиберилген жок”.

Суук аба ырайына байланыштуу 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстанда мектеп окуучулары онлайн окууга өттү.

Ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып жатышат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG