Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Мамкурулуш мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмесин жарыялап, алардан батир албоого чакырды


Мамкурулуш агенттигинин сайтындагы курулуп жаткан объектилердин картасы. Мында мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.
Мамкурулуш агенттигинин сайтындагы курулуп жаткан объектилердин картасы. Мында мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялады. Алардын аталыштары жана сүрөттөрү мекеменин Фейсбук баракчасында видео катары жайгаштырылды.

Тизмеде Бишкек шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.

Мамкурулуш агенттиги жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырат.

Мамкурулуш атайын видеодон сырткары өзүнүн сайтында Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин картасында да мыйзамсыз турак-жайларды өзүнчө белгилеген. Анда мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.

2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87 экени, алардын 34ү Бишкекте экени маалым болгон. Соңку маалыматтан көрүнүп тургандай, аларга дагы төртөө кошулуп, борбор шаарда 38 мыйзамсыз курулуш болуп калган.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй жатканын жана мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. Жыл башынан бери эки шаарда тең "Эмаком" компаниясынан үй алгандар катар-катар нааразылык акцияларын өткөрүштү. (ErN)

XS
SM
MD
LG