Кыргызстанда мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окууга өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Суук аба ырайына байланыштуу 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстанда мектептер онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме бул күндөрү бала бакчалар да иштебей турганын кошумчалады.

Ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып жатышат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салдыКадамжай районунун акими кызматтан алындыТашиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришти Украинадагы ири уюлдук оператор хакердик чабуулга кабылдыДССУ: Газада 11 оорукана гана жарым-жартылай иштеп жататАба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет 12-декабрь: Президент Оштун мэрин сактап калды, электрди керектөө кескин өстү