Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Украинадагы ири уюлдук оператор хакердик чабуулга кабылды


Украинадагы “Киевстар” ири уюлдук операторунун миллиондогон абоненттери 12-декабрда байланышсыз калышты. Компания мунун себебин хакердик чабуул менен түшүндүрдү. Forbes журналынын украин редакциясы жазгандай, компаниянын 24 миллион абоненти бар.

Dev.ua басылмасы өз булактарына таянып, хакерлер компаниянын борбордук түйүндөрүнө чабуул койгонун жазды.

Ишкананын генералдык директору Александр Комаров кол салуу Орусия ачкан согуштун “жыйынтыгы” экенин белгиледи.

Украинанын Коопсуздук кызматы уюлдук операторго жасалган чабуулду аймактык бүтүндүккө кол салуу жана мамлекеттик чыккынчылык беренелери боюнча иликтеп жатканы маалымдалган.

Атайын кызмат бул чабуулдун артында Орусиянын коопсуздук кызматтары турат деп эсептейт.

Кремль комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG