Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

ДССУ: Газада 11 оорукана гана жарым-жартылай иштеп жатат


Газа тилкесиндеги ооруканадагы абал.
Газа тилкесиндеги ооруканадагы абал.

Газа тилкесиндеги ооруканалардын үчтөн бири гана жарым-жартылай иштеп жатканын Рейтер агенттиги Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Ричард Пиперкорнго таянып жазды.

“66 күн ичинде 36 оорукананын 11и гана жарым-жартылай иштеп калды. Алардын бирөө түндүктө, калган ону түштүктө. Биз медициналык мекеме же оорукананын жабылышына дагы бир ирет жол бере албайбыз”,- деди ал брифингде.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип жатышат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюна башкы комиссары Жозеп Боррел Газадагы кырдаалды “катастрофалык” деп мүнөздөдү.

Боррел жөөт армиясынын ХАМАС радикал тобунун чабуулуна жообу жай тургундардын арасындагы болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келгенин билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо башкармалыгы согуш башталганы аймакта 18 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG