Дүйнөлүк банк экологиялык долбоор үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин макулдашуусуна кол коюу учуру. 12-декабр, 2023. Бишкек

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарында абанын булганышын алдын алуу, шаарды жашылдандыруу, жылытуу үчүн экологиялык чечимдерди кабыл алуу багытында Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт.

Бул тууралуу 12-декабрда Бишкекте борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртууга багытталган иш-чарада аталган банк менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда макулдашууга кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, абанын булганышына каршы аткаруу бийлигинин жасап жаткан жумуштарын айтып берди.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын тургундарына газ жабдууларын сатып алуу үчүн банктар аркылуу 1 млрд сом көлөмүндө субсидия каралган. Ал абаны булгай турган жылытуу булактарын пайдаланууну азайтуу максатында Бишкектин тегерегиндеги тогуз калктуу конуш газдаштырылганын, 22 откана газ менен жылытууга өткөнүн белгиледи.

"Автобустарды коомдук транспорттун экологиялык жактан таза формасына алмаштыруу, электр кубатын кубаттоочу инфраструктураны түзүү жана электромобилдерди сатып алууну стимулдаштыруу үчүн 2023-жылы муниципалитетке 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Катализаторлордун жарактуулугу жана жеткиликтүүлүгү боюнча техникалык кароо чаралары күчөтүлдү", - деди Акылбек Жапаров.

Ал борбор калаадагы абанын булганышынынын алдын алуу үчүн таштанды полигонун толугу менен рекультивациялоо иштери аяктаганын кошумчалады.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" демилгесинин алкагында быйылга чейин 7 миллион бак-дарак отургузулуп, 4,3 гектар аянттагы бак көрктөндүрүлгөнүн маалымдады.

Кыргызстандын борбору Бишкек акыркы жылдарда кыш түшкөн сайын дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келет.

Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча деңгээлде дээрлик 30 эсеге жогору болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын "Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: абанын сапатын жакшыртуу боюнча жол картасы" деп аталган иликтөөсүндө айтылган.

Абаны негизинен улам саны көбөйүп бараткан автомашиналар, анын ичинен кичи автобусттар булгай турганы белгиленген. Алар чыгарган азот оксиди Бишкек жылуулук электр борборунун түтүнүнөн эки эсеге көп. Абалдан чыгуу үчүн иликтөөнүн авторлору автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунуштаган.

Быйыл шаардык мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктарды берилген. Ага ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугуна да ээлик кылат. Мэрия ышты азайтуу максатында быйылкы Жаңы жылдык салют аттыруудан баш тартканын билдирген.

Дагы караңыз

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришти Украинадагы ири уюлдук оператор хакердик чабуулга кабылдыДССУ: Газада 11 оорукана гана жарым-жартылай иштеп жататАба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет