Кадамжай районунун акими кызматтан алынды

Кутпидин Шакиров.

Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-декабрда кол койгон.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Шакировдун кызматтан кетишинин себеби жазылган эмес.

12-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна сапарынын алкагында Кадамжай районунда болуп, "Алга кадам" ирригациялык каналынын курулушу менен таанышты. Ошондой эле Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдына орнотулган Молдо Нияздын айкелинин ачылышына да катышты.

Кутпидин Шакиров 2021-жылдын май айында Кадамжай районунун акими болуп дайындалган.

Дагы караңыз

Украинадагы ири уюлдук оператор хакердик чабуулга кабылдыДССУ: Газада 11 оорукана гана жарым-жартылай иштеп жататАба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет 12-декабрь: Президент Оштун мэрин сактап калды, электрди керектөө кескин өстү