Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бир катар соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ижара акыны төмөндөтүүнү макулдашканын 12-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкектеги “Мадина” базарынын администрациясы ижаранын баасын 30% арзандаткан.
Ошондой эле Токмок шаарынын базарларында ижара 30% арзандаганы жазылган. Анын ичинде Токмок шаарындагы “Токмок булак” ишканасына таандык базар, мал базары, “Ак-Кеме Рахман” кийим базары, “Токмок” соода-базар комплексиндеги 23 соода контейнер, кичи дүң базар бар.
Атайын кызмат “Кант” базарынын жетекчиси калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) соода жайларын бекер бермей болгонун билдирди.
Мындан тышкары Кара-Балтадагы “Береке”, “Жайыл базары”, Ак-Суу айылындагы “Ярмарка”, “Айдар” базарлары жана Сокулук районундагы бир катар кичи базарлар ижаранын баасын 30% төмөндөткөн.
Жайылдагы унаа тетиктери базарынын ээси ижараны 35%, Кемин районунун кичи базарларында 20% арзандаган.
УКМК билдиргендей, Чүй облусунда жалпы 38 базар бар, алардын көбү чакан соода жайлары. Базарлар "ижара акыны арзандатуудан тышкары соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, көзөмөл-кассалык машинелерди акысыз бермей болгон".
Чүй облусу боюнча 8 миң 714 ККМ аппараты катталса, патент менен 5 миң 861 ишкер иштеп жатат.
Акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы ижараны арзандатканын жарыялаган.
6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген.
Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган. Ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, "Кудайберген" базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин "Азаттыкка" билдирген.
Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан.
5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.