Польшанын Сейми 11-декабрда оппозициялык блоктун лидери Дональд Тускту өкмөт башчылыкка шайлады. Аны парламенттин төмөнкү палатасындагы депутаттардын 248и колдоп, 201и каршы чыкты.
Буга чейин Сейм Матеуш Моравецкийдин убактылуу өкмөтүнүн мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.
Октябрда өткөн шайлоодо бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы алдыга чыкканы менен парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болбой калган. Туск башында турган “Жарандык платформа” экинчи орунду ээлеген.
Туск өкмөт башчылыкка дайындалгандан кийинки сөзүндө: “Биз караңгылык менен зулумдукту кууп чыгарабыз”,- деди.
66 жаштагы Туск Польшанын өкмөтүн 2007-2014-жылдары башкарган. Ал эки ирет Еврокеңештин төрагасы болуп шайланган.
Дагы караңыз
“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаевге иш козголгону белгилүү болду“Дордойдогу” коррупцияга байланыштуу кармалган салыкчылар иштен алындыАКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануу билдирди