Орус армиясы Киевге сокку урду

Орус армиясы Киевге дрондор жана ракеталар менен чабуул коюп жатат. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 11-декабрга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталар менен чабуул койду. Калаанын аскердик администрациясы билдиргендей, ракеталар асмандан атып түшүрүлгөндө сыныктары Дарницкий жана Голосеевский райондоруна кулаган.

Дарницкий районунда менчик үйдүн терезелери күбүлүп, үч киши, анын ичинде бир бала жараат алганын аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко билдирди. Мэр Виталий Кличко төрт киши жараат алганын тактады.

Украин армиясы Киевди карай учурулган ракеталардын сегизи асманда жок кылынганын билдирди.

Британиянын аскердик эксперттеринин божомолунда, Орусиянын армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын талкалоого багытталган жаңы кампаниясын баштады.

Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайларга сокку урганын билдирип келет. Жайкын тургундардын өлүмү жана жарандык инфратүзүмдөрдүн талкаланышы тууралуу комментарий бербейт.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Коргоо министрлиги быйыл беш аскер каза болгонун билдирди12-декабрдын аба ырайыСадыр Жапаров Тажикстан менен чек ара жазга чейин такталып каларын айтты